Транспорт министрлигинде МинКаб Төрагасынын орун басары Эрлист Акунбековдун катышуусунда жыйын өттү
- 50 просм.
Бүгүн 17-апрелде, Транспорт жана коммуникациялар министрлигинде Министрлер Кабинетинин Төрагасынын орун басары – Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жай министри Эрлист Акунбековдун жетекчилиги алдында, Транспорт жана коммуникациялар министри Талантбек Солтобаевдин катышуусунда жыйын өттү.
Жыйынга Президенттин Администрациясынын, Каржы министрлигинин өкүлдөрү, Транспорт министринин орун басарлары жана министрликтин түзүмдүк бөлүмдөрүнүн жетекчилери катышты.
Жыйында Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин жалпы ишмердүүлүгү тууралуу, өлкө боюнча жасалып жаткан республикалык деңгээлдеги жолдордун курулуштарынын жүрүшү, иш пландар жана көйгөйлөр кеңири талкууланды.
Транспорт министри Талантбек Солтобаев министрликтин 2025-жылы аткарган жана 2026-жылга койгон милдеттери, жол тармагынын бюджети жана анын өздөштүрүлүшү, ошондой эле санариптештирүү багытында ишке ашырылып жаткан долбоорлор боюнча маалымат берди.
Белгилүү болгондой, быйыл 2026-жылга жол тармагынын бекитилген бюджетине ылайык 1,5 миң чакырымдан ашык жолдорду куруу жана оңдоо милдеттендирилген.
Министр Т.Солтобаев негизинен өлкө боюнча 30га жакын негизги маанилүү долбоорлор боюнча, анын ичинде приоритетүү объектилерде пландуу иштер аткарылып жатканын белгиледи.
Минкаб Төрагасынын орун басары Эрлист Акунбеков жол – экономиканын кан тамыры экенин белгилеп, экономикалык өсүштү тездетүү жана транспорттук инфраструктураны өнүктүрүүнүн маанилүүлүгүнө токтолду.
Аны менен катар, ШКУ саммити жана Көчмөндөр оюндары сыяктуу маанилүү иш чараларга карата негизги жолдорго басым коюу зарылдыгын жана Мамлекет башчысы Садыр Жапаровдун Ош облусуна болгон жумушчу сапарында берген тапшырмаларына ылайык жолдорго көңүл бурууну тапшырды.
Жыйын көйгөйлөрдү жана сунуштарды талкуулоо менен уланды. Минкаб Төрагасынын орун басары Э.Акунбеков министрликтеги кадр саясатын колдоорун жана кызматкерлердин айлык маяналарын көтөрүүгө кол кабыш кылаарын билдирди.
Соңунда туристтик сезонго карата жолдорду ачуу, жол жээктерин иретке келтирүү боюнча күчөтүлгөн иштерди алып барууну тапшырды.
Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин маалымат кызматы











