Президент Садыр Жапаров Гүлчө шаарынын жолдорунун курулушу менен таанышты
- 35 просм.
Президент Садыр Жапаров Алайдын Гүлчө шаарына барып, социалдык объектилердин, анын ичинде жолдордун курулушу менен таанышты
Транспорт жана коммуникациялар министри Талантбек Солтобаев Мамлекет башчысына шаардын ички жолдорун жана тротуарларын куруу иштери тууралуу маалымат берди.
Бул иштер үчүн өлкөнүн Турукташтыруу фондунан 340 млн сом каралган.
Долбоор шаардын негизги транспорттук артерияларын: Алымбек Датка көчөсүнүн 3,7 чакырым жана Курманжан Датка көчөсүнүн 0,8 чакырым бөлүктөрүн камтыйт.
Оңдолуучу жолдун жалпы узундугу – 4,5 чакырым, 2 бөлүктөн турат.
Жолдор төрт тилкеге чейин кеңейтилет, узундугу 9 чакырым тротуар, ирригациялык арыктар жана заманбап жарыктандыруу системасы жасалат.
Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин маалымат кызматы


