Президент Садыр Жапаров Ош – Кара-Суу унаа жолунун курулушунун жүрүшү менен таанышты
- 18 просм.
Ушул күндөрү Мамлекет башчысы Садыр Жапаров Ош облусун кыдырууда.
Иш сапарынын алкагында Ош – Кара-Суу унаа жолунун курулушунун жүрүшү менен таанышты.
Транспорт жана коммуникациялар министри Талантбек Солтобаев мамлекет башчысын долбоор менен тааныштырып, учурда жолдун тилкесин кеңейтүү жана эски асфальтты алуу иштери жүргүзүлүп жатканын маалымдады.
Ош – Кара-Суу унаа жолунун узундугу – 18,690 чакырымды түзөт. Долбоорго ылайык, жол 2-категориядагы жана 4 тилкелүү болуп курулат. Тротуарлар жана велосипед жолу да каралган.
Мындан тышкары, жол кыймылынын коопсуздугун камсыз кылуу максатында рельефтик шарттары ылайык келген жерлерде ортосуна бөлүүчү тосмо коюлат.
Ошондой эле, жолдун бүткүл узундугу боюнча жарыктандыруу орнотулат.
Жолдун курулушун ушул жылдын аягына чейин бүткөрүү каралган.
Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин маалымат кызматы


