Түндүк айланма жолу асфальтталганга чейин суу себүү иштери туруктуу жүргүзүлөт
- 25 просм.
Бишкектин четиндеги Түндүк айланма жолуна чаңдан арылтуу максатында подрядчы компания тарабынан атайын техникалар тартылып, суу себүү иштери туруктуу жүргүзүлүүдө.
Бирок, күн ысый баштаганына байланыштуу чаңдын көбөйүшү байкалууда. Каттаган унаа көп, суу ташуучу унаанын саны чаңды ыкчам басаңдатууга жетишсиз.
Мындан улам, Транспорт министрлиги абал жөнгө салынганга чейин айдоочулардан түшүнүү менен кабыл алууну суранат.
Министрлик техниканын санын көбөйтүү жана жолдогу чаңды азайтуу боюнча чараларды күчөтүү маселесин катуу көзөмөлгө алды.
Белгилей кетсек, ушу тапта аталган тилкеде жолдун негизин даярдоо иштери жүргүзүлүп жатат. Жакынкы арада асфальт-бетон төшөө иштери башталат. Жол асфальтталган соң чаң каптаган көйгөй толугу менен чечилет.
Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин маалымат кызматы
