Түндүк айланма жолдо жаңы транспорттук түйүндүн курулушу башталды
- 18 просм.
Бишкек шаарынын четиндеги Түндүк айланма жол менен Манас айылына кеткен жолдун кесилишинде жаңы транспорттук түйүндүн (развязка) курулушу башталды.
Учурда бул аймакта көпүрө тирөөчтөрү үчүн свай казуу жана бетон куюу иштери аткарылууда.
Ага кошумча, айланма жолдун 236-244-чакырымында жолду кеңейтүү иштери жүрүп жатат.
Ал эми Алматы көчөсү менен айланма жолдун кесилишиндеги көпүрөнүн кире бериш жерлеринде асфальт төшөө жумуштары жасалууда.
Курулуш объектисинде иштин ыргагын камсыз кылуу үчүн жалпы 250 бирдик атайын техника тартылып, 600гө жакын жумушчу эмгектенүүдө.
Белгилей кетсек, бул долбоор борбор калаанын айланасындагы унаа өткөрүү мүмкүнчүлүгүн жогорулатууга жана жол тыгындарын азайтууга багытталган.
Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин маалымат кызматы


