Ашууларда кар көчкү коркунучтары күтүлөт
- 17 просм.
Транспорт жана коммуникациялар министрлиги жарандарды жана айдоочуларды коопсуздук чараларын сактоого чакырат!
9-14-апрелдерде Кыргызстандын тоолуу аймактарында, анын ичинде Бишкек – Ош унаа жолунун 120-140-чакырым (Төө-Ашуу), Суусамыр – Талас-Тараз унаа жолунун 1-14-чакырым (Өтмөк ашуусу), Бишкек – Нарын-Торугарт унуу жолунун 292-305-чакырымдарында (Долон ашуусу), Барскоон – Ак-Шыйрак унаа жолунун 52-68 чакырым аралыктарында (Сөөк ашуусу) кар көчкү түшүү жана бороон-чапкын болуу коркунучтары күтүлөт.
Кырсыктардын алдын алуу жана жол кыймылынын үзгүлтүксүздүгүн камсыз кылуу максатында министрликке караштуу Жол тейлөө ишканалары тарабынан тийиштүү даярдыктар көрүлүп, атайын техникалар тартылды.
Ошондой эле, жолдорго себилүүчү кум-туз аралашмаларынын запасы жетиштүү көлөмдө камдалган.
Министрлик айдоочуларга жана жол жүргүнчүлөрүнө зарылчылык болбосо, аба ырайынын татаал шартына байланыштуу алыскы сапарларга чыкпоону сунуштайт.
Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин маалымат кызматы
