Мырзаке – Кара-Шоро унаа жолундагы көчкүнүн кесепеттери жоюлуп, жолду бийиктетип куруу башталды
- 22 просм.
7-8-апрелдеги жаан-чачындан улам Мырзаке – Кара-Шоро унаа жолунун 47-чакырымында (Жаман-Тал тилкеси) тоо тектери кулап, көчкү түшкөн.
Транспорт министрлигинин №5 Жол тейлөө ишканасы тарабынан атайын техникалар тартылып, тазалоо иштери ыкчам жүргүзүлдү.
Учурда жолдун нугун сел сууларынан коргоо үчүн жол төшөмүн 1,5 метрге чейин жогору көтөрүү (бийиктетип толтуруу), реконструкциялоо иштери аткарылууда.
Белгилей кетсек, бул аймак сел жүрүү кооптуулугу жогору болгон тилкелердин катарына кирет. Суу көп келген учурларда жолду сел каптап, каттамга олуттуу тоскоолдуктарды жаратып келген.
Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин маалымат кызматы






