mtdgovkg@mtd.gov.kg
+996 (312) 31-43-85
KG   RU   EN

Транспорт министрлиги жолдорду таш, кар көчкүлөрүнөн тазалоо боюнча ыкчам иштерди аткарууда

Транспорт жана коммуникациялар министрлигине караштуу Жол тейлөө ишканалары тарабынан өлкө аймактарындагы жолдорду куруу жана калыбына келтирүү иштери күжүрмөндүктө улаанууда.

Аба ырайынын бузулушуна байланыштуу акыркы эки күндө айрым жолдорго тоо боорунан түшкөн таш, кар көчкүлөр ыкчам түрдө тазаланып жатат.

Бүгүнкү күнгө карата республиканын стратегиялык жана ички чарбалык жолдорунда төмөнкүдөй жумуштар аткарылууда:

№18 Жол тейлөө ишканасында Түндүк-Түштүк альтернативдик унаа жолунун Арал – Казарман тилкесинде (266-267-чакырымдар аралыгында) тоо боорунан түшкөн таш көчкүнү тазалоо жана жер жумуштары аткарылууда. Учурда жалпысынан 1 160 куб метр таш жана топурак тазаланды.

№1 Жол тейлөө ишканасы тарабынан Кара-Сакал – Токбай – МТФ №2 унаа жолунун Кызыл-Туу айылына кирүүчү бөлүгүндө титулдук тизмеге кирген 2,7 чакырым жолго асфальт-бетон төшөө иштери толугу менен аяктады.

№25 Жол тейлөө ишканасында «Ала-Арча» автожолунун сапатын жакшыртуу максатында аң-чөнөктөрдү жамоо иштери аткарылууда.

№43 Жол тейлөө ишканасы Красная Речка – Ысык-Ата унаа жолунда планга ылайык аң-чөнөктөрдү жамоо жана жолду калыбына келтирүү иштерин жүргүзүүдө.

Министрликке караштуу бардык Жол тейлөө ишканалары жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо жана айдоочуларга ыңгайлуу шарттарды түзүү үчүн үзгүлтүксүз иш улантууда. 

Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин маалымат кызматы