Транспорт департаментинин көзөмөл-өткөрүү пункттарынын кызматкерлери төш камералары менен камсыз болушту
- 21 просм.
Транспорт жана коммуникациялар министрлигине караштуу Жерде жүрүүчү жана суу транспорту департаменти тармактагы коррупциялык тобокелдиктерди жоюу максатында кызматкерлердин ишмердүүлүгүнө заманбап технологияларды киргизүүдө.
Бүгүн Чүй облусундагы «Ак-Тилек» жана Талас облусундагы «Чоң-Капка» көзөмөл-өткөрүү пункттарында кызмат өтөгөн инспекторлор атайын денеге орнотулган (төш) камералар менен камсыздалышты. Демилге транспорттук көзөмөл процессин толугу менен санариптештирүүгө багытталган.
Камералар кызматкердин иш убактысын, айдоочулар менен болгон байланышын жана текшерүү процесстерин үзгүлтүксүз видеого жаздырып турат. Бардык маалыматтар борбордук серверге онлайн режиминде өткөрүлүп, көзөмөлдөнөт.
Видеокөзөмөлдүн болушу кызматкерлер тарабынан да, айдоочулар тарабынан да мыйзамсыз аракеттердин жасалышына бөгөт коёт. Ошондой эле, талаштуу кырдаалдар жаралса, видеожазуулар объективдүү далил катары колдонулуп, жарандардын укуктарынын корголушун камсыздайт.
Департамент мындай заманбап көзөмөл тутумун башка транспорт көзөмөл пункттарына да колдонууну пландоодо.
Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин маалымат кызматы









