Транспорт министрлигинин алдында жаңы ишкана ачылды
- 33 просм.
КР Транспорт жана коммуникациялар министрлигине караштуу «Барскоон – Бедел автомобиль жолун куруу боюнча мамлекеттик дирекция» мамлекеттик мекемеси түзүлдү.
Жаңы түзүлгөн дирекция Барскоон – Бедел жолун куруу долбоорун ишке ашырууну уюштуруучу жана координациялоочу ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган болуп саналат.
Министрлер кабинетинин Төрагасы А.Касымалиевдин тескемесине ылайык мамлекеттик мекеменин башкы директору кызмат ордуна Акылбек Мусабаев дайындалды.
Дирекция Барскоон – Бедел унаа жолун куруу долбоорун жалпы башкарып, ишке ашырууну координациялайт, каржылык каражаттардын натыйжалуу жана максаттуу пайдаланылышын камсыз кылат жана социалдык, экологиялык жана техникалык талаптардын сакталышын көзөмөлдөйт.
Маалымат катары: Барскоон – Бедел унаа жолунун жалпы узундугу болжол менен 150 чакырымды түзөт. Ал Ысык-Көл облусунун Барскоон айылын Кытай менен чектешкен «Бедел» көзөмөл өткөрмө пункту менен байланыштырган стратегиялык маанилүү коридор болуп калат. Долбоордун алкагында 2 тоннель, 30дан ашык көпүрө жана коргоочу инженердик курулмалардын курулушу каралган.
Белгилей кетсек, Курулуш иштери 2025-жылдын 26-агустунда башталган. Долбоорду ишке ашыруу мөөнөтү 5 жылды түзөт. Планга ылайык, негизги курулуш иштери 2029-жылы аяктап, 2030-жылы жол толук пайдаланууга берүү мерчемделген.
Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин маалымат кызматы