mtdgovkg@mtd.gov.kg
+996 (312) 31-43-85
KG   RU   EN

Транспорт департаментинин жетекчиси аймактардагы көзөмөл пункттарынын иши менен таанышты

Транспорт министрлигинин алдындагы Жерде жүрүүчү жана суу транспорту департаментинин  жетекчиси Жыргалбек Дыканбаев Талас, Жалал-Абад, Ош жана Баткен облустарын кыдырып келди.

Аталган аймактарга болгон иш сапарынын алкагында аймактык башкармалыктарда жыйындар өткөрүлдү. Анда коррупциялык көрүнүштөргө бөгөт коюу, милдеттерди так аткаруу, эмгек тартиптерин сактоо жана алдын алуу боюнча маселелер каралды.

Жыйындын жүрүшүндө аймактарда айылдарды каттамдар менен камсыздоо, унаа жолдорун сактоо жана транспорттук көзөмөл саясатын туура жүргүзүү менен көзөмөлдү күчөтүү тапшырмалары берилди.

Ошондой эле, жүргүнчү жана жүк ташуучу мекеме өкүлдөрү менен да жыйындар өттү.

Департамент жетекчиси транспорттук көзөмөл пунктардын абалы менен таанышып,  автоматташтырылган маалымат тутумдарынын жана таразалардын иштөөсүн жеринде көрдү.

Кыдырууда көзөмөл пунктарындагы абалдарды жакшыртуу, иреттөө зарылдыктары белгиленди.

Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин маалымат кызматы