Сокулуктагы завод 2 миң тоннадан ашык асфальт-бетон чыгарды
- 21 просм.
Транспорт жана коммуникациялар министригине караштуу “Сокулук №8” асфальт-бетон заводу жогорку өндүрүштүк кубаттуулукта иш алып барууда.
Завод бүгүнкү күнгө карата, тагыраагы сезон башталгандан бери 2 миң тоннадан ашык асфальт-бетон чыгарды.
Быйыл 2026-жылга жалпысынан 60 миң тонна асфальт-бетон аралашмасын даярдоо каралган.
Завод Чүй облусунун Жол тейлөө ишканаларын жол куруу иштерине керектүү көлөмдө сапаттуу асфальт-бетон менен камсыздайт.
Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин маалымат кызматы




