mtdgovkg@mtd.gov.kg
+996 (312) 31-43-85
KG   RU   EN

Ала-Бука — Жаңы-Базар — Кировка унаа жолу 2 тилкелүү болуп, 11 тонналык унаалар өтүүгө ылайыкталып курулат

Ала-Бука жана Чаткал райондорун байланыштырган стратегиялык маанилүү Ала-Бука – Жаңы-Базар – Кировка унаа жолунун курулуш иштери кайрадан жанданды. 2025-жылга чейин долбоордо каралган жолдун 80 чакырымына асфальт төшөлүп бүткөрүлгөн. Аба ырайы жылып, ашуудагы кардын эриши менен учурда калган 20 чакырым тилкени куруу жана асфальттоо боюнча даярдык иштери башталды.

Белгилей кетсек, жолдун курулушу толугу менен мамлекеттик бюджеттин эсебинен каржыланууда.

Унаа жолу III техникалык категорияга кирет. Ал 2 тилкелүү болуп, 11,5 тоннага чейинки оор жүк ташуучу унаалардын өтүүсүнө ылайыкталып салынууда.

Аталган жолдун курулушу Чаткал жана Ала-Бука райондорунун тургундары үчүн транспорттук каттамды жеңилдетип, аймактын социалдык-экономикалык өнүгүүсүнө жана жүк ташуу көлөмүнүн артышына чоң өбөлгө түзөт.

Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин маалымат кызматы