Токмокто 2 чакырым ички жол асфальттала баштады
- 24 просм.
Бүгүн Токмоктун Кошой – Алчалуу – Кызыл-Аскер унаа жолунун 5,7 – 6,6 чакырым аралыгына асфальт төшөө иштери башталды.
Бул жол титулдук тизмеге кирген жана жалпы узундугу 2 чакырымды түзөт.
Асфальт төшөө иштери “Кыргызавтожол-Түндүк” мамлекеттик ишканасынын №954 Жол тейлөө ишканасы тарабынан аткарылууда.
Жалпысынан бул жолдун 2 чакырымы асфальтталып, бир аптада бүтүрүү пландалган.
Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин маалымат кызматы


