Жолчулардын түйшүгү: жол коопсуздугун камсыздоо уланууда
- 23 просм.
Транспорт жана коммуникациялар министрлигине караштуу Жол тейлөө ишканалары (ЖТИ) тарабынан республика боюнча унаа жолдорду иретке келтирүү, оңдоо жана коопсуздукту камсыздоо иштери тынымсыз улантылууда.
Бүгүнкү күндө өлкөнүн түндүгүндөгү унаа жолдорунда аткарылып жаткан жумуштар:
№957 ЖТИ: Бишкек – Нарын – Торугарт унаа жолунун 426-470-чакырымдар аралыгында айдоочулардын коопсуздугу үчүн жаңы жол белгилери орнотулду.
№41 ЖТИ: Жолдун 289-319-чакырымдарында жол белгилери, жол тасмасы жана парапеттер, ошондой эле жол жээгиндеги таштандылар тазаланды.
№18 ЖТИ: Казарман – Актал-Чат унаа жолунун 18-40-чакырымдарында автогрейдердин жардамы менен жолду калыбына келтирүү жана кырып-тегиздөө иштери жүргүзүлүп жатат.
№24 ЖТИ: Лама – Чоң-Дөбө унаа жолунун 6,8-8,8-чакырым аралыгында орто оңдоо иштери башталды. Учурда жер жумуштары аткарылып, тилкени иретке келтирүү процесси жүрүүдө.
Транспорт жана коммуникациялар министрлиги жол кызматкерлеринин ишине түшүнүү менен мамиле кылып, айдоочуларды жол эрежелерин сактоого жана оңдоо иштери жүрүп жаткан тилкелерде этият болууга чакырат.
Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин маалымат кызматы



