Ош – Кара-Суу жана Гүлчөдөгү Алымбек Датка көчөлөрү 4 тилкелүү болуп кеңейет
- 18 просм.
Транспорт жана коммуникациялар министринин орун басары Улукбек Жанибеков иш сапары менен Ош облусуна барды. Иш сапардын алкагында ал бир катар унаа жолдордогу курулуш жана оңдоо иштеринин жүрүшү менен жеринде таанышты.
Атап айтканда, Ош–Кара-Суу, Кара-Суу шаарына караштуу Х.Юлдашев көчөсүндөгү унаа жолдоруна, Алай районунун Гүлчө шаарындагы Алымбек Датка көчөсүнө жана Пад–Будалык–Көбүргөн унаа жолдоруна барды.
Жеринде жүргүзүлгөн кароонун жүрүшүндө У.Жанибеков тиешелүү кызматтарга курулуш иштерин сапаттуу жана өз мөөнөтүндө бүтүрүү, ошондой эле жумуштарды тездетүү боюнча конкреттүү тапшырмаларды берди.
Белгилей кетсек, Ош–Кара-Суу унаа жолунун оңдолчу бөлүгүнүн узундугу 18,7 чакырымды түзөт. Долбоорго ылайык, жол 4 тилкелүү болуп, туурасы 12–15 метрге чейин кеңейтилет.
Ал эми Алай районунун Гүлчө шаарындагы Алымбек Датка көчөсүнүн узуну 4,5 чакырым. Долбоорго ылайык, жол 4 тилкелүү болуп курулат жана курулуш иштерине старт берилди.
Министрдин орун басары У.Жанибеков Пад–Будалык–Көбүргөн унаа жолунун доолборун тез арада бүткөрүүнү жана жол иштерин баштоо боюнча тийиштүү мекеме жетекчилерине тапшырмаларды берди.
Ошондой эле, Кара-Суу шаарына караштуу Өзбекстан менен чектешкен Кара-Суу (КПП) өткөрүү пунктуна баруучу Х.Юлдашев жолунун (1 чакырым) долбоору каралып, курулуш иштерин баштоо зарылдыгын белгиледи.
Андан ары Кара-Суу шаарына караштуу Ынтымак (КПП) өткөрүү пунктуна баруучу жол менен таанышты.
Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин маалымат кызматы


