Транспорт министрлиги сейил бактарды уюштурат
- 15 просм.
Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин мекеме, ишканаларынын жана республика боюнча ар бир Жол тейлөө ишканаларынын, Жол оңдоо пункттарынын аймагына же короосуна сейил бактар уюштурулат.
Сейил бактар 1 гектардан кем эмес аянтты камтып, ал жерде эс алууга ылайыкташкан бардык шарттар каралуусу шарт. Алсак, ар бир мөмө берүүчү бактар отургузулуп, гүлдөр тигилип, айлана-тегереги кооздолушу керек.
Бул чечим “Жашыл мурас” долбоорунун алкагында министр Талантбек Солтобаевдин тапшырмасына ылайык кабыл алынды.
