Транспорт министринин биринчи орун басары Ысык-Көл облусун кыдырып, жол куруу иштеринен кабар алды
- 62 просм.
Транспорт жана коммуникациялар министринин Биринчи орун басары Тариэль Жаныбеков иш сапары менен Ысык-Көл облусун кыдырды.Ал инвестициялык долбоорлор аркылуу жана министрликтин карамагындагы Жол тейлөө ишканалары тарабынан титулдук тизме боюнча курулуп, жасалып жаткан унаа жолдорунун курулуш иштеринин жүрүшүн экинчи ирет барып көрдү.Иш сапардын жүрүшүндө Т.Жаныбеков алгач Балыкчы-Барскоон унаа жолуна барып, ал жерде иштеп жаткан “КЖК”, “Фирдаус”, “Арекс Строй” жана “Кыргызавтожол-Түндүк” МИ тарабынан аткарылып жаткан иштерден кабар алды.Андан ары «Ала-Тоо Резорт» лыжа базасына баруучу унаа жолунун жана Каракол-Эңилчек, Каркыра-Турук-Сары-Жаз унаа жолдорундагы жүрүп жаткан иштерди, ошондой эле, Чолпон-Ата шаарындагы айланма жолдун ишинин жүрүшүн жана Корумду-Балбай унаа жолунун реконструкциялоо ишинин экинчи этабынын аткарылышын жеринде көрдү.Маалымат иретинде: Каракол-Эңилчек унаа жолунун 0-46 чакырымга чейинки аралыгын жергиликтүү «Бай Таш Строй» ЖЧКсы жана 38ден 143-чакырымына чейинки жол куруу иштерин «China Railway Sixth Bureau Group Co., Ltd.» кытай компаниясы алып барса, «Ала-Тоо Резорт» кластерине баруучу унаа жолунун 8,5 чакырымын “Даян Строй” компаниясы курууда.Министрдин Биринчи орун басары Т.Жаныбеков мурдагы кыдыруусунда берилген тапшырмалардын так аткарылышын көзөмөлдөп, подрядчы уюмдарга жана тиешелүү кызматтарга иштерди өз убагында жана сапаттуу аткаруу боюнча тапшырмаларды берди.
Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин маалымат кызматы




