mtdgovkg@mtd.gov.kg
+996 (312) 31-43-85
KG   RU   EN

Талас облусунда 61 чакырым жол куруу иши башталды

Талас облусунда титулдук тизмеге кирген 61 чакырым унаа жолун курууга каражат бөлүнүп, иш башталды.
Белгилей кетсек, быйыл эгемендүүлүктүн 35 жылдыгы Талас облусунда белгиленет. Ага карата Талас облусунда быйылкы жылы жалпысынан 220 чакырым жол жасалат.
Анын 61 чакырымы титулдук тизме боюнча жана 160 чакырымы “Мамлекеттик капиталдык салымдар” беренеси боюнча куруу жана оңдоо каралган.
31-август эгемендүүлүк майрамынын салтанатына карата жол куруу жана оңдоо иштеринин 70-80%ы аткарылуусу мерчемделүүдө.

Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин маалымат кызматы