Ылай-Талаа-Гүлчө жолунун 55 чакырымы асфальтталат
- 47 просм.
Транспорт жана коммуникациялар министринин биринчи орун басары Тариэль Жаныбеков өлкөнүн Түштүк аймагын кыдырды.
Иш сапардын алкагында, Жалал-Абад, Ош жана Баткен облустарындагы Жол тейлөө мекемелеринин жетекчилери менен жыйын өткөрдү.
Жыйында 2026-жылга карата пландар, аткарыла турган иштер жана алдыдагы негизги милдеттер кеңири талкууланды.
Министрдин орун басары Тариел Жаныбеков бардык пландалган иштерди өз мөөнөтүндө жана так аткарууну катуу тапшырды.
Ошондой эле аткарылып жаткан ар бир жумуштун сапатына өзгөчө көңүл буруп, аны туруктуу көзөмөлдөөнү жетекчилерге милдеттендирди.
Жыйындын жыйынтыгында тиешелүү жетекчилерге конкреттүү тапшырмалар берилип, жол тармагындагы иштерди натыйжалуу жана сапаттуу жүргүзүү зарылдыгы белгиленди.
Т.Жаныбеков андан ары Кара-Кулжа районундагы Ылай-Талаа – Гүлчө жолунун курулушунан кабар алды. Ушу тапта жолдун 55 чакырымына асфальт төшөө боюнча даярдыктар көрүлүп, жолду кеңейтүү жана шагыл төгүү иштери жүрүп жатат.
Долбоор боюнча жолдун туурасы 8 метрге чейин кеңейтилет. Азыркы тапта 2-, 4- жана 7-чакырым тилкелеринде жумуштар активдүү жүргүзүлүүдө.
Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин маалымат кызматы




