Министрликтин кызматкерлери ишембиликке чыгышты
- 34 просм.
Бүгүн, 28-мартта Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин кызматкерлери жалпы республикалык ишембиликке чыгышты.
Тазалык иш чарасына министрликтин алдындагы мекеме, ишканалардын жана түзүмдүк бөлүмдөрдүн кызматкерлери активдүү катышып, Министрликке бөлүнгөн Ала-Арча суу сактагычынын күн батыш жээгин таштандылардан тазалашты.
Ишембилик Бишкек шаарын көрктөндүрүү, санитардык тазалоо жана жашылдандыруу боюнча жарыяланган эки айлыктын алкагында өткөрүлдү.
Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин маалымат кызматы







