Нефтипром-Үчмазар-Дөш автожолунун 7,25 чакырымы асфальтталат
- 36 просм.
Жалал-Абад облусунун Сузак районундагы Нефтипром-Үчмазар-Дөш автожолунун 7 чакырым 250 метр аралыгы асфальтталат. Учурда асфальт төшөөгө даярдык көрүү максатында жолду кеңейтүү жана жолдун негизин даярдоо иштери активдүү жүрүп жатат.
Аталган жол буга чейин кара шагыл жол болуп, асфальтталбагандыктан жергиликтүү тургундар үчүн бир топ ыңгайсыздыктарды жаратып келген. Долбоор ишке ашкандан кийин үч айылдын ортосундагы транспорттук байланыш жакшыртылып, калктын жүрүп-туруу шарттары жеңилдейт.
Белгилей кетсек, долбоорго ылайык, жол эки тилкелүү IV категорияга ылайык курулуп, жол жээктери кеңейтилет.
Курулуш иштери этап-этабы менен жүргүзүлүп, белгиленген мөөнөттө бүткөрүлөрү пландалууда.
Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин маалымат кызматы




