mtdgovkg@mtd.gov.kg
+996 (312) 31-43-85
KG   RU   EN

Түндүк айланма унаа жолун реконструкциялоо иштери кызуу жүрүүдө

Түндүк айланма унаа жолун масштабдуу реконструкциялоо долбоорунун алкагында эки стратегиялык багыт боюнча курулуш иштери активдүү фазада уланууда. Долбоордун негизги максаты – жолдун өткөрүү жөндөмдүүлүгүн жогорулатуу жана тилкелердин санын 6га чейин кеңейтүү. Ар бир тилкенин туурасы 3,75 метрди түзөт.

Бүгүнкү күндө иштер Алматы—Бишкек—Ташкент жана Бишкек—Нарын—Торугарт тилкелеринде жүргүзүлүүдө.

Курулуш аянтында иштин ыргагын камсыз кылуу үчүн 537 жумушчу жана 243 бирдик атайын техника тартылган.

Учурдагы аткарылып жаткан иштер:

Нооруз дарыясындагы көпүрөдө өтмөк плиталарын монтаждоо аяктады. Каналдагы көпүрөдө бекемдөөчү устундарды орнотуу иштери ийгиликтүү жыйынтыкталды. Ошондой эле, жолдун негизин түзүүгө даярдыктар көрүүлүүдө.

Учурда жол жээгиндеги бак-дарактарды кыюу, аймакты тазалоо жана жараксыз материалдарды сыртка ташуу иштери жүрүүдө.

Реконструкция учурунда айдоочуларга ыңгайсыздык жаратпоо үчүн негизги жолдогу чуңкурларды жамоо жана суу өткөрүүчү түтүктөрдү орнотуу иштери катар жүргүзүлүүдө.

Реконструкциялоо иштери бекитилген графикке ылайык так жүрүп жатат. Бул долбоор аяктагандан кийин аймактагы транспорттук логистиканы жакшыртып, жол коопсуздугун жаңы деңгээлге көтөрөт.

Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин маалымат кызматы