mtdgovkg@mtd.gov.kg
+996 (312) 31-43-85
KG   RU   EN

Арашан-Чуңкурчак жолуна асфальт төшөлөт

Ушул жылдын апрель айында Арашан – Чуңкурчак унаа жолу оңдолуп, асфальтталат. Бүгүнкү күндө жолдун 0-22-чакырымдар аралыгында кеңейтүү жана жолдун негизин даярдоо жумуштары толугу менен аяктаган.
Белгилей кетсек, буга чейин 2025-жылы суу өткөрүүчү түтүктөрдү орнотуу, 2 көпүрөнү реконструкциялоо иштери бүткөрүлгөн.
Жумуштар мамлекеттик капиталдык салымдар беренесинин эсебинен каржыланып, № 25 Жол тейлөө ишканасы тарабынан аткарылууда.
Арашан–Чуңкурчак жолу туристтик мааниге ээ болгон негизги каттамдардын бири. Аталган жол тоо лыжа базага жана аймактагы эс алуу жайларга алып барат. Жолдун курулушу жарандарга ыңгайлуу шарт түзүп, айдоочулардын коопсуз кыймылын камсыз кылат.

Министрлик тарабынан өлкө аймагындагы туристтик объектилерге барган жолдордун абалын жакшыртууга өзгөчө көңүл бурулууда.

Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин маалымат кызматы