mtdgovkg@mtd.gov.kg
+996 (312) 31-43-85
KG   RU   EN

Барскоон-Каракол жолуна 8 өтмөк курулат

Ысык-Көл айланма жолунун Барскоон айылынан Каракол шаарына чейинки 141–216-чакырым аралыгын реконструкциялоо иштери активдүү уланууда. Подрядчы тарабынан 143 атайын техника тартылып, мобилизациялоо иштери толук аяктады.

Учурда жол четин кеңейтүү, лотокторду орнотуу жана сүрүп-тегиздөө иштери жүргүзүлүүдө.
Белгилей кетсек, 2025-жылы Ысык-Көл облусунун Жети-Өгүз районунда Барскоон — Каракол автожолун 75 чакырымын реконструкциялоого старт берилген. Долбоордо 5 кɵпүрɵнү куруу, 8даана жер алдынан ɵтүүчү ɵтмɵк, калк жайгашкан жерлерде тротуар, жарыктандыруу каралган.

Курулуш иштери 2025–2028-жылдардын аралыгында бүткөрүлөт. Кепилдик мөөнөтү — 5 жыл.
Бул долбоор аймактагы транспорттук байланыштарды жакшыртып, туристтик агымды көбөйтүүгө жана жергиликтүү калк үчүн ыңгайлуу шарт түзүүгө багытталган.

Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин басма сөз кызматы