Нарын-Жаңы-Жол унаа жолу ачылды
- 18 просм.
Нарын районуна караштуу Нарын-Жаңы-Жол унаа жолун убактылуу ачуу боюнча атайын комиссиялык кароо жүргүзүлгөн.
Комиссиянын курамында райондук мамлекеттик администрациясынын өкүлдөрү, тиешелүү мекемелердин кызматкерлери жана адистер катышып, жолдун абалы жеринде текшерилген.
Жүргүзүлгөн кароонун жыйынтыгында, №41 Жол тейлөө ишканасы тарабынан жолду тазалоо, кеңейтүү жана коопсуз абалга келтирүү боюнча иштер аткарылганы белгиленди.
Белгилей кетсек, Нарын-Жаңы-Жол унаа жолу ачылып, аба ырайына жараша көзөмөл астында пайдаланууга берилди.
🚧 Жарандардан жолдо жүрүүдө коопсуздук эрежелерин сактоону жана аба ырайынын шарттарын эске алууну өтүнөбүз.
Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин маалымат кызматы


