Транспорт жана коммуникациялар министри Талантбек Солтобаев Бишкек-Нарын-Торугарт унаа жолунун абалын текшерди
- 20 просм.
Транспорт жана коммуникациялар министри Талант Солтобаев Чүй жана Нарын облустарына болгон иш сапарынын алкагында Бишкек–Нарын–Торугарт унаа жолунун абалын текшерди.
Текшерүүдө айрым жол белгилери жараксыз абалга келгени аныкталып, министр тиешелүү кызматтарга жол белгилерин тез арада алмаштыруу боюнча тапшырма берди.
Жол коопсуздугун камсыздоо максатында бардык тилкелерде кошумча текшерүү жүргүзүлүп, эскирген, жараксыз абалган келген белгилер жаңыланат.