mtdgovkg@mtd.gov.kg
+996 (312) 31-43-85
KG   RU   EN

Ысык-Көл облусунда алгачкы асфальт басуу иштери башталды

Транспорт жана коммуникациялар министринин биринчи орун басары Тариэль Жаныбеков Чүй жана Ысык-Көл облустарына иш сапары менен барып, 2026-жылга карата жол куруу иштерине даярдык жана материалдардын камсыздалышы менен жеринде таанышты.

Орусия менен түзүлгөн келишимдин негизинде быйылкы 2026-жылы салынуучу автожолдор үчүн каралган алгачкы битум партиясы алынып келинип, битум сактоочу чуңкурларга түшүрүлө баштады.

Бүгүнкү күндө Жел-Арык жана Кыямат-Кыркоол битум базаларына — 1160 тонна, ал эми Түштүк тарапка — 860 тонна (Шамал-Сайга) битум түшүрүлдү.

Иш сапардын жүрүшүндө биринчи орун басар Т.Жаныбеков Балыкчы — Барскоон — Каракол автожолунун тилкесинде аткарылып жаткан иштердин жүрүшүн жеринде текшерип, жол куруп жаткан подрядчы ишканаларга тиешелүү тапшырмаларды берди.