Бишкек-Кунтуу-Шопоков унаа жолунда реконструкциялоо иштери улантылууда
- 48 просм.
Бишкек-Кунтуу-Шопоков унаа жолун реконструкциялоо боюнча пландалган иштер активдүү темпте улантылууда. Учурда жолдун 0-3,9 чакырым аралыгында жол четиндеги бордюрларды орнотуу иштери жүргүзүлүүдө. Ошондой эле Кунтуу айылынын ичинде тротуарларга асфальт төшөөгө чейинки даярдык иштери аткарылууда.
Мындан сырткары, Кунтуу айылынан Токбай айылына чейинки тилкеде жолдун негизин бекемдөө (напыпь) иштери жүргүзүлүп жатат. Ал эми Токбай айылынан Кара-Сакал айылына чейинки бөлүктө бак-дарактарды кыюу (расчистка) иштери жүрүүдө.
Белгилей кетсек, бул долбоор Мамлекеттик капиталдык салымдар беренесинин алкагында каржыланып, Кыргыз Республикасынын Транспорт жана коммуникациялар министрлигине караштуу “Кыргызавтожол-Түндүк” мамлекеттик ишканасынын №1 Жол куруу башкармалыгы тарабынан ишке ашырылууда.
Аталган унаа жолдун жалпы узундугу 12,4 чакырымды түзөт. 2025-жылы анын 6,7 чакырымына асфальт-бетондун биринчи катмары төшөлгөн.
Долбоордун алкагында жолду төрт тилкеге чейин кеңейтүү, жөө жүргүнчүлөр үчүн тротуарларды куруу, заманбап жарыктандыруу системасын орнотуу, ошондой эле мурда кыйылган бак-дарактардын ордуна жаңы көчөттөрдү отургузуу каралган.
Бул иштер жол кыймылынын коопсуздугун жогорулатууга, транспорт агымын жөнгө салууга жана аймак тургундары үчүн ыңгайлуу шарттарды түзүүгө багытталган.
Пресс-служба Министерства транспорта и коммуникаций КР



