Министрдин тапшырмасынын негизинде транспорттук көзөмөл күчөтүлдү: бир ай ичинде 2 миңден ашык жүк ташуучу унаалар текшерилип, 3,5 млн сом айып пул салынды
- 22 просм.
Жерде жүрүүчү жана суу транспорту департаменти тарабынан өлкө аймагында жүк ташуучу автоунаалардын ашыкча жүк жүктөп, бортторун мыйзамсыз бийиктетип алган фактыларын аныктоо максатында бир айлык рейддик иш-чаралар уюштурулган. Тактап айтканда, бул иш-чаралар ушул жылдын 19-февралынан 13-мартына чейин Жол коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынын инспекторлору менен биргеликте өткөрүлдү.
Рейддик иш-чаранын алкагында жалпы 2 миң 829 жүк ташуучу автоунаа токтотулуп, текшерилди. Жыйынтыгында транспорт мыйзамдарынын талаптарын бузган айдоочуларга карата 260 протокол түзүлүп, жалпысынан 3 млн 515 миң сом өлчөмүндө айып пул салынды.
Мындан тышкары, 46 транспорт каражаты айып унаа токтотуучу жайга киргизилди.
Белгилей кетсек, Министр Талантбек Солтобаев министрлик алдындагы Жерде жүрүүчү жана суу транспорту департаментине мыйзам бузган оор жүк ташуучу автоунааларды текшерүү боюнча протоколдук тапшырма берип, оор жүк ташуучу автоунаалар жолдорду бузуп жатканын белгилеп, мындай мыйзам бузууларды алдын алуу зарылдыгын баса белгилеген.
Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин маалымат кызматы