Петровка-Нарзан унаа жолунда топографиялык съемка иштери башталды
- 26 просм.
Кыргыз Республикасынын Транспорт жана коммуникациялар министрлигине караштуу №28 Жол тейлөө ишканасы жана “Өндүрүштүк-инновация борбору” тарабынан жол инфраструктурасын жакшыртуу максатында бир катар маанилүү иштер аткарылууда.
Учурда Петровка – Нарзан унаа жолунда топографиялык съемка иштери жүргүзүлүүдө.
Мындан тышкары, топографиялык съемка иштери Беловодск – Темен-Суу (5 км) жана Спартак – Беш-Терек (2 км) унаа жолдорунда да жүргүзүлүп, жыйынтыгында бул жолдорго асфальт төшөө пландаштырылууда.
Жогоруда айтылган асфальт төшөө иштери «Капиталдык салымдар» беренеси жана Титулдук тизмеге ылайык курулат.
Жол коопсуздугун камсыздоо үчүн аталган ишкана тарабынан төмөнкү иштер аткарылууда:
Бишкек – Кара-Балта жолунда жол парапеттеринин түптөрү чаңдан тазаланып, жол белгилери жана жарык берүүчү элементтер (катафоттор) атайын каражаттар менен жуулуп жатат.
Аң-чөнөктөрдү жамоо: Беловодск – Темен-Суу унаа жолунун 12-чакырымынан 17-чакырымына чейинки бөлүгүндө жолдогу аң-чөнөктөрдү жамоо иштери жүрүүдө.
Транспорт жана коммуникациялар министрлиги жол кызматкерлери иштеп жаткан аймактарда айдоочуларды этият болууга жана жол эрежелерин так сактоого чакырат.
Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин маалымат кызматы