Данияр Абдыбеков Кыргыз Республикасынын Транспорт жана коммуникациялар министринин кеңешчиси болуп дайындалды
- 32 просм.
Данияр Абдыбеков Кыргыз Республикасынын Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин коомчулук менен байланыш боюнча кеңешчиси болуп дайындалды.
Данияр Абдыбеков жогорку экономикалык билимге ээ. Билимин жогорулатуу максатында Алматы шаарында кошумча окуудан өткөн. Кесиптик ишмердүүлүгүнүн жүрүшүндө бир катар эл аралык сертификаттарга ээ болуп, ошондой эле ведомстволук сыйлыктар жана грамоталар менен сыйланган.
Эмгек жолун Транспорт жана коммуникациялар министрлигинде баштаган. Мамлекеттик кызматтагы ишинин жыйынтыгы менен мамлекеттик кызматтын 3-класстагы кеңешчиси атайын чини ыйгарылган. Кыргыз Республикасынын Президентинин ыраазычылык каты жана Жогорку Кеңештин Төрагасы тарабынан «Алкыш» ыраазычылыгы менен сыйланган.
Жогорку Кеңештин Аппаратында улук консультант кызматын аркалап, мыйзам чыгаруу жана аналитикалык багыттагы иштерге катышкан.
Ошондой эле жашыл энергетика тармагындагы долбоорлорду ишке ашырууга катышып, эл аралык тажрыйба алмашуу программасынын алкагында Кытай Эл Республикасынын Пекин, Шанхай шаарларында жана башка провинцияларында тажрыйба өтөгөн. Инвестициялар багытында илимий эмгектин автору болуп, илимий макаласы адистештирилген жыйнакта жарыяланган.
Бул кызматка дайындалганга чейин эл аралык фонддо иштеп, долбоордук жана талдоо иштерин жүргүзүп келген.
Данияр Абдыбеков коомчулук менен байланыш, маалыматтык саясат жана министрликтин ишмердүүлүгүн коомчулукка жеткирүү багытында иш алып барат.