Жол белгилери кандай даярдалат?
- 34 просм.
Транспорт жана коммуникациялар министрлигине караштуу “Өндүрүштүк-инновациялык борбор” мамлекеттик мекемесинин жол белгилерин жасаган устаканасы 2023-жылы март айында ачылган. Андан бери устаканада күнүнө 300дөй, ал эми жылына 12 миңдей жол белгилери даярдалып келет.
Жол белгилерин даярдоо үчүн материалдар сырттан: металл Россия, Казакстандан, ал эми пленкасы жана боегу Америкадан алынып келинет.
Даярдалган жол белгилери Кыргызстандын бардык аймактарына, негизинен автожол жээктерине коюлат. Алар айдоочулар үчүн коопсуз жана ыңгайлуу шарт түзүп, 7 жылга чейин өзүнүн сапатын жоготпой турат.
Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин маалымат кызматы