Министр Талантбек Солтобаев Каракол – Эңилчек автомобиль жолунун курулушун презентацияларды
- 19 просм.
Министр Талантбек Солтобаев Каракол – Эңилчек автомобиль жолунун курулушун презентацияларды
Министрлер Кабинетинин Төрагасы Адылбек Касымалиевдин Ысык-Көл облусуна болгон иш сапарынын алкагында Каракол – Эңилчек автомобиль жолунун курулушунун жүрүшү менен таанышты. Жеринде министр Талантбек Солтобаев аталган жолдун реконструкциялоо долбоору тууралуу айтып берди.
Учурда, подряддык компания тарабынан 0-38 чакырымдар аралыгында жолду кеңейтүү, бак-дарактарды алуу жана жолдун негизи даярдоо иштери жүрүп жатканын баса белгиледи министр.
Белгилей кетсек, Каракол – Эңилчек жолдун узундугу 105 кмди түзөт. Курулуш иштери 2025-жылдын декабрь айында башталган, иштердин аякташы 2026-жылдын декабрь айында күтүлүүдө.
Министрликтин маалымат кызматы