Министрдин орун басары А. Тургунбаев Шамалды-Сай жана Таш-Көмүр шаарларынын тургундары менен жолугушту
- 25 просм.
Транспорт министринин орун басары Тургунбаев Алмаз АбдылдаевичЖогорку Кеңештин депутаты Култаева Гулшаркан Оконовна менен Жалал-Абад облусуна болгон жумушчу сапарынын алкагында Шамалды-Сай шаарынын тургундары тарабынан көтөрүлгөн маселелер менен жеринен таанышып, жергиликтүү бийлик өкүлдөрү жана шаар тургундары менен жолугушуу өткөрүштү.
Жолугушууда тургундар Шамалды-Сай темир жол бекети менен Таш-Көмүр бекетинин ортосунда, курулуп калган 11 үйдүн маселесин карап берүүнү суранышты.
Белгилей кетсек, аталган үйлөр темир жолдун коргоо тилкесинде (полоса отвода) жайгашкандыктан жана коопсуздук талаптарына жооп бербегендиктен, буга чейин үй курууга тиешелүү документтер берилбей келген. Тургундар бул маселени чечип, курулуп калган үйлөрдү мыйзамдаштырууга көмөк көрсөтүп берүүнү өтүнүштү.
Ошондой эле Шамалды-Сай шаарында курулуп жаткан бала бакчанын имараты темир жолдун коргоо тилкесинин ичинде курула баштаганы аныкталды.
Текшерүүнүн жыйынтыгында темир жолдун коргоо тилкесинин ичинде жүргүзүлүп жаткан курулуш иштерин токтотуп, бала бакчаны коопсуз аймакка куруу сунушу берилди.
Иш сапардын алкагында Аксы районунун Үч-Коргон айыл аймагына караштуу Дейрес-Сай айылынын тургундары жана жергиликтүү бийлик өкүлдөрү менен да жолугушуу болуп өттү.
Жолугушууда Дейрес-Сай айылынын тургундары узундугу 15 км түзгөн кара шагыл жолду министрликтин балансына алып, асфальттап берүүнү суранышты.
Айтылган сунуштарды угуп чыгып, А. Тургунбаев аталган жол тилкесин министрликтин балансына өткөрүү маселеси боюнча тиешелүү чаралар көрүлөрүн баса белгиледи.
Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин маалымат кызматы