mtdgovkg@mtd.gov.kg
+996 (312) 31-43-85
KG   RU   EN

Бишкек-Ош жолу ачылды

Бишкек-Ош автожолуна түшкɵн кар кɵчкү саат 11:30да толугу менен тазаланып, эки тараптуу каттам камсыздалды.
Учурда, Арал постунан киргизилген оор жүк ташуучу унааларга болгон чектɵɵ күчүндө.

Белгилей кетсек, 11- март, таңкы саат 6:50 дɵ Бишкек-Ош автожолунун 224 чакырымында Ала –бел ашуусунда кар кɵчкү түшкɵн. Бардык авто унаалар үчүн каттам убактылуу эки тараптуу жабылган.

Жеринде № 23 жол тейлɵɵ ишканасы тарабынан ыкчам түрдɵ керектүү техникалар тартылып, тазалоо иштери жүргүзүлдү.

КР Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин маалымат кызматы