mtdgovkg@mtd.gov.kg
+996 (312) 31-43-85
KG   RU   EN

Бишкек-Нарын-Торугарт автожолунда каттам кабылына келтирилди

Бишкек – Нарын – Торугарт автожолунун 297–305-чакырым аралыгында кар көчкү тазаланып, учурда жол ачылды. Азыркы тапта аталган тилкеде унаалар үчүн эки тараптуу каттам камсыздалды.

Белгилей кетсек, бул жол тилкесинде кар көчкү түшүү коркунучу сакталууда. Кандайдыр бир өзгөчө кырдаал жаралган учурда жол тейлөө ишканалары тарабынан керектүү атайын техникалар жана жолчулар даяр турат.

Жол кыймылынын катышуучуларынан сак болууну жана жол коопсуздугунун эрежелерин так сактоону өтүнөбүз.

Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин маалымат кызматы