Бишкек-Нарын-Торугарт автожолунда тазалоо иштери тынымсыз жүргүзүлдүүдө
- 19 просм.
Бишкек – Нарын – Торугарт автожолунун 297–305-чакырым аралыгында кар көчкү кайра-кайра түшүп, №41 Жол тейлɵɵ ишканасы тарабынан керектүү техникалар тартылып, тазалоо иштери жүрүүдɵ.
Белгилей кетсек, бүгүн, 5-март күнү саат болжол менен 11:00 чамасында Бишкек-Нарын-Торугарт унаа жолунун 304-чакырымында (Кара-Үңкүр капчыгайы) кар көчкү түшүп, коопсуздукту камсыз кылуу максатында унаа кыймылы убактылуу жабылды.
Жол кызматкерлери тарабынан кар көчкүнү тазалоо жана жолду коопсуз абалга келтирүү иштери улантылууда.
Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин маалымат кызматы