Арал-Казарман авто жолуна кулаган таштар тазаланды
- 20 просм.
Бүгүн, 4-март Түндүк-Түштүк альтернативдик авто жолунун Арал-Казарман участогунун 243-296 чакырым аралыгында жааган кардан улам, тоо бетинен таштар кулап, жолдун бир тилкесин жаап калган.
№ 18 Жол тейлөө ишканасы тарабынан кулаган таштар тез арада тазаланып, каттам камсыздалды. Учурда жол ачык. Каттам бар.
Ушундай эле жагдай Жумгал районунун Арал-Миң- Куш (3+500–4+600км) автожолунда да катталды. Азыркы учурда №24 Жол тейлɵɵ ишканасы тарабынан техникалар тартылып тазалоо иштери жүрүп жатат. Авто унаалардын кыймылы үчүн, бир тараптуу каттам берилди.
Министрликтин маалымат кызматы