Япон эл аралык кызматташтык агенттигинин (JICA) өкүлдөрү менен жолугушуу болуп ɵттү
- 20 просм.
Кыргыз Республикасынын транспорт жана коммуникациялар министрлигинин транспорт саясатын жүргүзүү башкармалыгынын начальниги Нурмат Мусабеков Япон эл аралык кызматташтык агенттигинин (JICA) өкүлдөрү менен жолугушту.
Кыргыз Республикасынын транспорт жана коммуникациялар министрлигинин транспорт саясатын жүргүзүү башкармалыгынын начальниги Нурмат Мусабеков Япон эл аралык кызматташтык агенттигинин (JICA) өкүлдөрү менен жолугушту.
Жолугушуунун негизги максаты Бишкек шаарынын 2050-жылга чейинки башкы планынын негизинде Бишкек шаарында жана ага жанаша жайгашкан аймактарда транспорттук инфраструктураны өнүктүрүү пландары талкууланды. Анын алкагында Бишкек шаарынын аймагы аркылуу өтүүчү темир жол, айланма автомобиль жолдорун куруу, автобекеттердин ишин уюштуруу жана жүргүнчүлөрдү темир жол аркылуу ташуу мүмкүнчүлүгү талкууланды.
Транспорт саясатын жүргүзүү башкармалыгынын начальниги Нурмат Мусабеков Бишкек шаары аркылуу өтүүчү темир жолду жылдыруу маселеси ведомстволор аралык жумушчу топто каралып, эл аралык тажрыйбага, ошондой эле экономикалык жагдайларды эске алуу менен азыркы учурда максатка ылайыксыз экендигин билдирди.
Япон эл аралык кызматташтык агенттигинин өкүлдөрү алынган маалыматтын негизинде Бишкек шаарында жана шаар четиндеги транспорттук инфраструктураны жакшыртуу боюнча тыгыз иш алып барууну билдиришти.
Министрликтин маалымат кызматы