Ашууларда жол ачык. Жол тейлоөө иштери күнү-түнү көзөмөлдө
- 33 просм.
Бүгүн, 25-февраль саат 09:30га карата өлкөнүн ашууларында каттам бар, жол ачык.
Транспорт жана коммуникациялар министрлигине караштуу Жол тейлөө ишканалары тарабынан инерттик материалдарды чачуу, тазалоо, кеңейтүү иштери жүргүзүлүүдө. Өзгөчө тайгак тилкелерге күнү-түнү кум-туз аралашмасын себүү жумуштары үзгүлтүксүз аткарылып жатат.
Министрлик кандай кырдаал жаралбасын каршы тилкеге чыкпай, жол эрежесин так сактоо менен керектүү шаймандарды ала жүрүүгө чакырат.
Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин маалымат кызматы