Министр Талантбек Солтобаев Ысык-Көлдөгү стратегиялык жол курулуштарын көзөмөлдөдү
- 26 просм.
2026-жылдын 21-февралында Министр Талантбек Солтобаев иш сапары менен Ысык-Кɵл облусуна барды.
Иш сапардын алкагында министр «Балыкчы–Бөкөнбаев–Каракол» автожолун реконструкциялоо долбоорунун негизинде жүргүзүлүп жаткан курулуш иштеринин жүрүшү менен жеринен таанышты. Ал жолдун 87–140-чакырым аралыгындагы тилкелеринде, анын ичинде көпүрөлөрдө аткарылып жаткан жумуштарды текшерди.
Сапардын жүрүшүндө министр курулуш сезону башталгандан тартып жол иштерин ылдамдатуу, белгиленген мөөнөттөн кечиктирбей жана сапаттуу бүтүрүү боюнча тиешелүү тапшырмаларды берди.
Мындан тышкары, Транспорт жана коммуникациялар министри жооптуу кызматкерлерге жол курулушунун сапатына өзгөчө көңүл буруу жана объекттерди белгиленген мөөнөттө пайдаланууга берүү боюнча так тапшырмаларды койду.
Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин маалымат кызматы