Транспорт жана коммуникациялар министринин орун басарлары алмашып, жаңы жетекчилер дайындалды
- 28 просм.
Бүгүн 20- февралда Транспорт жана коммуникациялар министринин биринчи орун басары болуп Тариэль Жаныбеков жана орун басарлары Улукбек Жанибеков, Момбеков Бактылуу дайындалды. Тиешелүү буйрукка Министрлер Кабинетинин Төрагасы Адылбек Касымалиев кол койду.
Министрдин жаңы орун басарларын жамаатка Президенттин жана Министрлер Кабинетинин чечимдерин даярдоо боюнча башкармалыгынын начальнигинин орун басары — тармактык саясат бөлүмүнүн башчысы Алмазбек Примов тааныштырып иштерине ийгилик каалады.
Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин маалымат кызматы