mtdgovkg@mtd.gov.kg
+996 (312) 31-43-85
KG   RU   EN

Түндүк-Түштүк альтернативдин жолунун 243-296 чакырымдар аралыгына кар көчкү түштү

Бүгүн, 12-февралда Түндүк-Түштүк альтернативдик жолунун Арал-Казарман бөлүгүндө 243-296-чакырымдар аралыгына кар көчкү түштү. Азыркы тапта көчкүнүн көлөмү такталууда. Жол эки тараптуу жабык.

Тазалоо иштери министрликке караштуу №18 Жол тейлөө ишканасы тарабынан жүргүзүлүүдө.

Коопсуздукту камсыз кылуу максатында жерине атайын техника тартылып, жолду тазалоо иштери уланып жатат.

Кошумча маалымат берилет.

Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин маалымат кызматы