mtdgovkg@mtd.gov.kg
+996 (312) 31-43-85
KG   RU   EN

Ала-Бука–Жаңы-Базар–Кировка автоунаа жолунда кар көчкү түшүп, тазалоо иштери жүрүүдө

11-февраль күнү Ала-Бука–Жаңы-Базар–Кировка автоунаа жолунун 93-101-чакырым аралыктарында 5 жеринен кар көчкү түшкөнү аныкталды. Учурда көчкүнүн көлөмү такталууда.

Жерине тазалоо иштерин жүргүзүү үчүн “Жагалмай” ЖЧКсынан 4 жүктөгүч тартылып, жолду ачуу жумуштарын жүргүзүп жатат.

Кошумчалай кетсек, аба ырайынын шарттарына байланыштуу, Чаткал райондук мамлекеттик администрациясынын башчысы-акимдин тескемесинин негизинде аталган унаа жолдо бүгүн, 11-февралда аба ырайы турукташканга чейин кайра унаалардын бардык түрүнө убактылуу чектөө киргизилди.

Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин маалымат кызматы