Япониялык JICA агенттигинин колдоосу менен Баткен облусуна 43 даана техникалар тапшырылды
- 25 просм.
Бүгүн, 11-февралда “Баткен облусунун автомобиль жолдорун жана жол катмарын тейлөө үчүн жабдууларды жакшыртуу” долбоорунун алкагында техника тапшыруу аземи өттү.
Иш-чарага Япониянын Кыргыз Республикасындагы Атайын жана Ыйгарым укуктуу Элчиси Хирано Рюити, Кыргыз Республикасындагы JICAнын туруктуу өкүлү Нишигато Котаро, Транспорт жана коммуникациялар министринин биринчи орун басары Бекназар Базаралиев, КР Президентинин Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Айбек Шаменов жана жергиликтүү бийлик органдарынын өкүлдөрү катышты.
Япониялык JICA агенттигинин колдоосу менен Баткен облусуна 43 даана
жол куруу жана тейлөө техникалары тапшырылды. Ошондой эле Баткен районунда саатына 35 тонна өндүрүмдүүлүккө ээ асфальт-бетон заводу орнотулду.
Белгилей кетсек, асфальт-бетон заводунун ишке кириши жаңы жолдорду куруу, оңдоо үчүн керектүү материалдарды өз убагында жана сапаттуу камсыз кылууга мүмкүнчүлүк түзөт. Ал эми заманбап жол-транспорт техникалары жолдорду тейлөө иштерин кыйла ылдамдатат.
Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин маалымат кызматы







