Ашууларда кар. Төө-Ашууда оор жүк ташуучу унааларга убактылуу чектөө киргизилди
- 39 просм.
Аба ырайынын кескин өзгөрүшүнөн улам көпчүлүк аймактарда кар жаап, жол тазалоо иштери тынымсыз жүрүүдө.“Кыргызавтожол-Түштүк” жана “Кыргызавтожол-Түндүк” мамлекеттик ишканалары тарабынан күнү-түнү кум-туз аралашмасын себүү жумуштары аткарылып жатат.Бүгүн,
11-февраль саат 08:30га карата Бишкек-Ош жолундагы Төө-Ашуу (11-февраль саат 03:40 тарта) оор жүк ташуучу унааларга убактылуу чектөө киргизилди.Ал эми Суусамыр-Талас-Тараз жолундагы
Өтмөк ашуусунда кар жаап жатат. Жол ачык, каттам бар.
Министрлик кандай кырдаал жаралбасын каршы тилкеге чыкпай, жол эрежесин так сактоого жана унаа дөңгөлөктөрүн кышкыга алмаштырып алууга чакырат.
Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин маалымат кызматы