Чолпон-Ата шаарында айланма жолдун курулушу жүрүп жатат
- 20 просм.
Транспорт жана коммуникациялар министрлиги алдыда боло турган Дүйнөлүк көчмөндөр оюндары жана ШКУ саммитин эске алып, 2026-жылы Ысык-Көл облусунун Чолпон-Ата шаарында айланма жолдун курулушун баштады.
4 тилкелүү жолдун узундугу 15,64 чакырымды түзүп, паралелдүү долбоорлоо менен курулат. Жол курулуш иштери мамлекеттик капиталдык салымдар беренесинин эсебинен каржыланууда.
Учурда демонтаждоо, долбоорлоо жана жер жумуштары жүрүп жатат. Ошондой эле, асфальт-бетон завод орнотуу пландалууда.
Аталган жолду белгиленген мөөнөттө бүткөрүү үчүн «Чайна Роуд энд Бридж Корпорэйшн» подрядчы компаниясы менен келишим түзүлдү.
Белгилей кетсек, долбоор шаардын транспорттук жүгүн азайтуу, эл аралык иш-чараларды жогорку деңгээлде өткөрүү жана жол инфраструктурасын жакшыртуу максатын көздөйт.
Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин маалымат кызматы