«Манас» эл аралык аэропортуна барчу альтернативдүү жол куруу каралууда
- 87 просм.
17-январда Министрлер Кабинетинин Төрагасынын орун басары – Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министри Бакыт Төрөбаев «Манас» эл аралык аэропортуна барчу альтернативдүү жол куруу долбоору менен таанышты.
Жеринде Транспорт жана коммуникациялар министри Абсаттар Сыргабаев баштаган министрликтин өкүлдөрү алдыда аткарыла турган иштер, долбоордун максаты, техникалык өзгөчөлүктөрү жана ишке ашыруу этаптары боюнча маалымат беришти. 4 тилкелүү жолдун жалпы узундугу 17 км түзөт. Бишкектин түндүк айланма жолу менен Жаш Гвардия бульварынын кесилишинен баштала турчу жолдо эки деңгээлдүү жол түйүнү, жарыктандыруу, жашылдандыруу каралган.
Алдыда изилдөө жана долбоорлоо иштери жүрөт.
Мындан тышкары, Чүй облусундагы Мраморное айылынан Виноградное айылына чейин узундугу 8,7 км эки тилкелүү жол жана көпүрө куруу каралууда.
Белгилей кетсек, аталган долбоор унаа тыгынын азайтууга, жол кыймылынын коопсуздугун жогорулатууга жана инфраструктураны жакшыртууга багытталып, аймактар аралык байланыштарды жеңилдетмекчи.
Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин маалымат кызматы