Транспорт тармагы: 11 айда бюджетке 1 млрд 65 млн сом түштү
- 8 просм.
Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин ишмердүүлүгүнүн маанилүү багыты болгон транспорт тармагы өз жыйынтыгын берип, казынага түшкөн каражаттын көлөмү кыйла көбөйдү.
2025-жылдын 11 айында лицензия берүүдөн, административдик айыптан, уруксат берүү кагаздарынан, салмак өлчөмдөрүн таразалоодон жана бөлүнбөгөн жүктөрдү ташуу үчүн атайын уруксат жана зыяндын ордун толтуруудан 1 млрд 65 млн 832 миң сом түштү. Ал эми былтыркы көрсөткүч (2024-жылдын 11 айында) 334 млн 170 миң сомду түзгөн.
Быйылкыга карата чет мамлекеттер менен соода-экономикалык кызматташтыкты мындан ары өнүктүрүү максатында 41 мамлекеттен 218 миң 250 даана уруксат кагаздары алынды.
Коррупциялык элементтерди жоюу максатында жүк жана жүргүнчү ташууга лицензиялар, жүргүнчү ташууну уюштуруу сынактары жана уруксат кагаздарын берүү толугу менен санариптештирилип, адам факторунун кийлигишүүсү жок кылынды.
Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин маалымат кызматы